• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Чүйдө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экөө жабыркады

19 Үчтүн айы 2022 18:15 Бишкек Govori.TV

Чүйдө жол кырсыгынан 1 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-январда Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында “Honda Stepwgn” жана “Nissan Cefiro» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы эркек киши каза болуп, эки эркек киши ар кандай жаракат алышкан,

Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 1044