Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) «Ford Mondeo» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган К.Т. аттуу эркек киши жана 1970-жылы туулган К.Ж. аттуу аял киши каза болгон.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.