• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болду

13 Кулжа 202016:47 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Панфилов районундагы жол-кырсыгында 2 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 12-июнда саат 18:00 чамасында болгон.
Анда «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус Чалдовар айылы тарапка бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай даракты сүзүп токтогон.

«Жол кырсыктын кесепетинен 2 жүргүнчү каза болуп, 4 адам жаракат алды. Алар ооруканага жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдар Панфилов РИИБге өткөрүлүп берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 340