• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы кармалды

22 Бештин айы 2023 16:58 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, айыл өкмөт кызматкерлери райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин жеке тараптарга сатууга шектелүүдө.

Фактынын негизинде 18-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен иш козголуп, УКМК кызматкерлери айыл өкмөттүн жана Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кеңсесине тинтүү жүргүзүлгөн.

«Анын жүрүшүндө Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы «Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө» токтом чыгарып бергени жана шериктери биргеликте Боз айылындагы 5 гектар 45 сотых жерди трансформация кылбастан, турак жай курулушунун башкы планын бекитишкени такталган. Айтылган жерди 9 сотыхтан 15 сотыхка чейинки 48 тилкеге бөлүшүп, тиешелүү документтерди мыйзамсыз даярдашып, 9 миң доллардан 15 миң долларга чейин сатышкан. Баткен райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалышкан Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Т.М.М., жооптуу катчысы А.Х.К., айдоочусу Ш.Х.А., Кадамжай районунун башкы архитекторунун орун басары А.С.К. Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө жүрүп жатат. УКМК айтылган адамдардан жабыр тарткандар болсо, Баткен облустук башкармалыктын 0(553) 70-44-41 телефонуна же нөөмөт бөлүмүнүн 0(3622) 5-00-33 телефонуна чалып кабарлап коюуга чакырат.

Количество просмотров: 225