• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Үч медианын эсеби камактан чыкты

13 Бештин айы 2019 18:56 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызы боюнча чечимди карап, канааттандырды.

— Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жана бардык тараптардын өтүнүчүн эске алып, сот берилген арызды канааттандырат, — деди Ибраимова.

Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен анын аялы Уулкан Тургунованын жактоочусу Оксана Жданова үч медиага жана кабарчыга каршы берилген арыз боюнча соттун буга чейин чыгарган чечими мыйзамдуу болгонун айтты. Бирок Матраимовдор банк эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчүн чакыртып алууну чечишкенин билдирди.

Өтүнүчтү Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун, анын аялы Минавар Жумаеванын жана «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фондунун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Мадина Ниязова да колдоду.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Булак: «Азаттык«

Количество просмотров: 332