• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Үч партия Жогорку Кеңешке шайлоого катышуудан баш тартты

11 Тогуздун айы 2021 9:43 Бишкек Govori.TV

“Эмгек партиясы”, «Либералдык-прогрессивдүү партиясы” жана “Ар-Намыс” партиясы алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

БШК жыйында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Количество просмотров: 3086