Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 19-июнга чейин дайындалып бүтүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
«Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президент Садыр Жапаров добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин 30 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындашы керек. Датасы такталган соң БШК шайлоону 40 күндүн ичинде өткөрөт», — деп билдирди Бекматов.
Буга чейинки шайлоонун жыйынтыктары Токмокто 3-майда, Ошто 11-майда, Бишкекте 19-майда 11-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгы административдик ресурс, добуш сатып алуу маселелеринен улам жокко чыгарылган.
Шаардык кеңештерге шайлоо партиялык тизме менен болот.