• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Степное айылында 30 жаштагы киши 84 жаштагы карыяны сүзүп кетти

30 Теке 201814:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV    
Чүйдөн 84 жаштагы карыяны  Audi үлгүсүндөгү унаа сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Govori.TV сайтына Чүй ОИИББдан билдирди.
Кырсык Чүй облусундагы Степное айылында  болгон. Анда Audi үлгүсүндөгү унаа 84 жаштагы карыяны сүзүп кеткен. 
Маалыматка караганда, каза болгон жаран бензини түгөнүп калган өзүнүн унаасын четке токтоткон маалда, жолдо келе жаткан Audi унаасынын 30 жаштагы айдоочусу аны койдуруп кеткен. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишкен, бирок ал жолдо каза болду.
Учурда кылмышка шектүү кармалып, унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди.
Количество просмотров: 26