• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Чач» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

28 Бирдин айы 2020 13:07 Бишкек Govori.TV

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан «Чач» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

26-февралда Бишкек ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам тобу Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, максатсыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.

Анын жүрүшүндө «Чач» каймана аты бар 32 жаштагы М.Э. аттуу шектүү кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат жана буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Ал башкарып жүргөн «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө ичинен ок атуучу курал табылган. Шектүү Бишкек ШИИБге жеткирилген учурда адепсиз сөздөрдү айтып, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Ошондой эле аларга зомбулук көрсөтөрүн айтып коркуткан.

Тергөө кызматына жеткирилгенден кийин «Чач» убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 330