• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Чач” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

21 Жетинин айы 2020 16:30 Бишкек Govori.TV

“Чач” каймана аты бар Э.М. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларуста киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.

“Кармалган адам Кыргызстанда бир катар кылмыштарды кылган деп шектелип келет. Тактап айтканда Жалал-Абад облусундагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талаштардын фактыларына тиешеси бар. Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызмунайгаз” ААКсынын мурдагы жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине жана тургундарына күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келген жана ал боюнча жергиликтүү тургундардан өтө көп арыздануулар болгон”, — деп билдирет УКМК.

Аталган фактылар боюнча материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Количество просмотров: 792