• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Чач кырдыруу» челленжи. Шоу-бизнес өкүлдөрү карантинде эмне менен алек?

27 Жалган куран 2020 23:30 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Нурлан Насип үй карантининде отурган кесиптеш досторуна чакырык таштап, жаңы челленж баштады. Ырчы үйдө отурганда башын сергитүү максатында чачын алдырганын айтып, эстафетаны досторуна узатты.

https://www.instagram.com/p/B-KQQXYBNHV/?igshid=13vslg2es0la5

Тамада, шоумен Улук Сапаров өзгөчө чач жасалга кылган. «Жөн эле «лысый» болбой, причёска менен «лысый» болдум» деп жазды.

https://www.instagram.com/p/B-M614kHeQL/?igshid=1alhd1y6fenag

Көп узабай Сапаров көкүлүн да алдыртып, таз баш болгон сүрөттөрүн жарыялаганын көрүүгө болот.

Челленжди алпаруучу Максат Довранов колдоп, «Чачым 20 жылдан бери кырылбаган болчу шылтоо менен башты эс алдырып жатабыз» деген билдирүүсүн инстаграмдагы өздүк баракчасына жазды.

https://www.instagram.com/p/B-Mx5QEHRsT/?igshid=izboyjdi5q5h

Ди-джей Аскат Алдашев дагы четте карап турбай, замандаштарынан эстафета тосуп алган өңдүү. «Ойлоп көрсөм, 5-класстан бери таз баш боло элек экенмин. Ошондон бери башымды сергитейин деп, мына бүгүн чачымды алдырттым», — деп жазды Алдашев.

Количество просмотров: 1385