• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ырчы Каныкей «Маданияттын мыкты кызматкери» болду

16 Бирдин айы 2024 9:35 Бишкек Govori.TV

Ырчы Каныкейге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды.

Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Чыңгыз Эсенгул уулу өнөр адамдарына сыйлыктарды тапшырып жатып, аларга чыгармачылыктагы ийгиликтерди жана бекем ден- соолук каалады.

Каныкей 1987-жылы 16-октябрда Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн. 2011-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 2018-жылы К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын, ал эми 2011- жылы Кыргызстан Эл аралык университетин ийгиликтүү аяктаган.

Каныкей учурда Бишкек шаарындагы №75 лицейде “Музыка” сабагы боюнча окутуучу, ал эми 2023-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип келет.

Чыгармачылык жолу 2008-жылы башталып, алгачкы концерти 2011-жылы коюлган. Репертуарында сөзү жана обону өзүнө таандык 50дөн ашык ыры бар. “Коё бергин мени кайгы”, “Садагам” жана “Куурчак” аттуу альбомдору бар. Каныкей эл аралык фестивалдарга жана мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып келет.

Количество просмотров: 218