Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы «Дүйнө айымы» аталды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Ура! Жеңиш биздики. Аллахымдын каалоосу, элимдин батасы менен “LADY WORLD” сынагынан баш байгени утуп “Дүйнө айымы” аталдым», — деп жазды ырчы айым.
Белгилей кетсек, Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өтчү «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышып жаткан.