• Шаршемби 21 Бирдин айы 2024
  • Среда 21 Февраль 2024

Ырчы Нурчолпон «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды

9 февраля 2024 в 17:41 Бишкек Govori.TV

Ырчы Нурчолпон «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов тапшырды.

Министрликтен билдиришкендей, министр Нурчолпондун маданият жаатында жасап жаткан эмгектерине, жараткан жетишкендиктерине кабардар экенин белгилеп, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, Нурчолпон чыгармачылык чөйрөгө кичине чагынан эле аралашып келет. 5 жыл балдар музыкалык мектебинде скрипка жана гитара адистиги аны менен катар 8 жыл Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Академиялык вокал жана Музыка теориясы боюнча адистиктерин артыкчылык дипломдору менен аяктаган. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Композиция факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Жакында Нурчолпон Японияда «Otogi Koubou» компаниясы менен эки жылдык музыкалык стажировкадан өтүп келди. Композиторлор союзунун мүчөсү. Жаштардын «АйТентек» операсынын автору, «Эрмен жыты» тасмасынын композитору. Көптөгөн вокалдык жана хордук чыгармалардын автору катары белгилүү.

Количество просмотров: 347