• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чаек-Кочкор унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

27 Аяк оона 2018 10:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Нарын облусуна караштуу Чаек-Кочкор унаа жолунун 105-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен бир киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда,  «Ауди-100» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четине чыгып оодарылып калган.
Кесепетинен бир киши каза таап, дагы бирөө ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.
Количество просмотров: 28