• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат: Чайкоочу банктарга чара көрбөйсүздөрбү

8 Кулжа 202212:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Накталай эмес эсептешүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. Мында эл өкүлү Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, банктарда болуп жаткан маселени көтөрүп, чайкоочулук жүргүзгөн банктарга чара көрүүнү сунуштады.

«Улуттук банктын мыйзамдарында сиздер бардык коммерциялык банктарды көзөмөлдөөгө укуктуусуздар. Ошол укугуңуздардан пайдаланып, ушундай чайкоочу банктарга чара көрбөйсүздөрбү?,-деди эл өкүлү.

Бул суроого Улуттук банктын өкүлү жооп берип, көзөмөл жүргүзүүлөрүн айтты.

Количество просмотров: 325