• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чакуруктар! Тазабек Икрамов кухняда отурган Жапыкеевди жоопко тартууну чакырды

11 Бугу 2020 17:13 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда ар кандай мүнөздөгү чакырыктар, үгүттөр болуп жатканын айтып чыккан ЖК депутаты Тазабек Икрамов күч түзүмдөрүнүн көңүл бурбай жатканын белгилеп сын айтты.

«Кухня деп олтуруп алып бир адамды таамайлап алып, ар түрдүү чакуруктар болуп жатат. Жеке менчикке кол салууга, басып алууга чакырыктар болууда. Өкмөт эмне уктап жатасыңар? Прокуратура, МВД, ГКНБ дегендер. Сөзсүз эле бир адамдын жеке менчигин басып алып, хаус болуусун каалап жатасыздарбы. Эмнени карап олтурасыңар? мен таң калып жатам. Мыйзамсыз байыган адамдарга мен да каршымын, алардын аттары аталып жатат, эмне үчүн муну текшербей жатасыздар», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин көп суммадагы байлыгы бар экенин жана бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз тапканын айтып чыккан.

Жапыкеевге жооп берем деген Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев “САНАТ” телеканалындагы “Актуалдуу тема” көрсөтүүсүндө мамлекеттин казынасына кол салбаганын куран кармап айтып бергени социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга жем болгон эле.

Количество просмотров: 3052