• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чакырык таштаган мырзага Шевченко жооп кайтарды

12 Теке 2019 14:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

UFC уюмунда эркектер арасында 2 салмак даражада чемпион болгон Генри Сехудо аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпион — кыргызстандык Валентина Шевченкого чакырык таштаган эле.

«44,9 килограммдан 65,8 килограммга чейинки салмактагылар менен мушташууга даярмын. Дагы эмне экенин билесиңерби? Эгерде Аманда Нуньес дагы кааласа мен даярмын. Валентина Шевченко, сени дагы чакырам. Мен туткундагыларды албайм! Мен алтын издөөчүмүн. Эгерде анын алтыны бар болсо, мен анын алтынын алгым келет», — деди Сехудо «TMZ» басылмасына берген маегинде.

Ал эми мындай чакырыкка Валентина жооп кайтарып, социалдык түйүн аркылуу жарыялады.

«Менин алтынымды алууну каалайсыңбы, ишенимдүүбү? Ал абдан жакшы корголгон!» — деп жазды Шевченко.

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 30