• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Чарчап калган 1 жашар кыз сабалганы аныкталды

29 Үчтүн айы 2020 9:21 Бишкек Govori.TV

Чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Канаев «Азаттыкка» билдирди.

«Жүргүзүлгөн соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгын алдык. Анда 1 жашар Ясина оор, катуу буюм менен сабалганы аныкталган. Тергөөнүн дагы кошумча эки суроосуна жергиликтүү эксперттер жооп бере албайт экен. Ошол себептен улам, комплекстүү экспертиза жүргүзүлсүн деп Бишкекке жөнөттүк. Азыр тергөө иштери уланып жатат, экспертиза толук даяр болгондо да ишти улантабыз»,- деди ал.

Ушул жылдын 10-январында Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1 жашар Ясина К. оор абалда түшкөн. Аны Боз-Учук айылынан туугандары сасык тумоо болуп жатат деп алып келишкен. 11-январда кыз эсине келбей чарчап калган.

Количество просмотров: 457