• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сокулуктун акими тарабынан жабыркады делген журналист тууралуу милиция үн катты

13 Үчтүн айы 2023 15:46 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кечээ, 12-январь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өзүн “Зоболо” медиасынын редакторумун деп тааныштырган Босумбаева Самара Райымбековна кайрылган. Арызында 12-январь күнү саат 14.00 убакытта Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өтүп жаткан жыйынга, акимчиликтин кызматкерлери киргизбей, түртүп оң колу жабыркаганын билдирип, окуя боюнча чара көрүүнү суранганын билдирди.


Аталган арыз Сокулук РИИБнүн маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.


«С.Босумбаеванын денесине кандай жаракаттар бар жана жаракаты канчалык даражада экендигин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалды.
Учурда окуянын жагдайы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 774