• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чаткал районунда кар көчкү түштү

9 Үчтүн айы 20239:13 Бишкек Govori.TV

Чаткал районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында кар көчкү (көлөмү 7725 м3) түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.

Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Чаткал айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган. Учурда жолду толук ачуу иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 64