• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чаткалдагы чыр менен өкмөттүн “чатагы” жок

4 Бештин айы 2018 14:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.11.2018. Govori.TV
Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген деп айыпталууда. Мындан улам, Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну 3-декабрда айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.
“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында жергиликтүү тургундар менен чыр чыгып, ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганы айтылган. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда качып баратып эки милиция кызматкери жабыркаган. Дал ушул иштин алкагында 2-декабрда Терек-Сай айылынын 14 тургунун тергөөнүн алкагында милиция алып кеткенин жана учурда ал жакта абал туруктуулугун ошондой эле түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлеринин ортосундагы чырга мамлекет тарабынан көңүл бөлүнүп, маселени чечүүдө күч колдонбостон, түшүндүрүү аркылуу абалды көзөмөлгө алса болмок деген оюн депутат Жанарбек Акаев билдирген.
Мындай орчундуу маселе өлкөдө биринчи жолу болуп жаткан жок. Кандай гана чыр-чатак болбосун жерге жана кенбайлыкка байланыштуу болуп келген. Көпчүлүк учурда пикир келишпестикке ишкерлер менен айыл тургундардын мамилесинин начарлыгы себеп болуп келет. Мындай учурда атайлап эле тургундардын арасына чалгынчы салып коюп, маселени тынчытууга аракет кылган ыкма колдонулуп келгенин айтат укук коргоочу Рита Карасартова.
Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары чырдын келип чыгуу себептерине токтолуу менен бирге мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлүшү керек деген ойлорун билдиришти .

 

Количество просмотров: 32