• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чаткалдагы коруктун аймагында жайгашкан жерди тоо-кен компаниясына берилген факт боюнча иш козголду

5 Жетинин айы 2020 19:51 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында жалпы аянты 25 270 га түзгөн “Сандалаш” коругу уюштурулган.

2012-жылдын август айында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен алтын кенин иштетүү үчүн компаниялардын бирине ижарага берилген 3661 га жер тилкесинин бир бөлүгү (1124,7 га) жогорудагы коруктун аймагында жайгашкандыгы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш жерлеринин категориясына кирээри аныкталган.

Бирок, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жерлерин башка жердин категориясына которбостон, ошондой эле токой жана айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан, аталган жер тилкелерин тоо-кен компаниясына убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз беришип, натыйжада мамлекетке 1 млрд. сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факт 2020-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-бер. 1-бөл. (коррупция) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ошондой эле, мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизилди.

Количество просмотров: 189