• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Чек ара чыры: Максат айылында жарандарды эвакуациялоо иши жүргөн эмес

17 Аяк оона 201918:24 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынан 700 киши эвакуацияланды деген маалымат чындыкка дал келбейт, жергиликтүү бийлик тарабынан жөнөкөй жарандарды эвакуациялоо иши жүргөн эмес. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кечинде жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү коопсуздук үчүн жакынкы айылдардагы туугандарыныкына өздөрү кеткен. Алар негизинен аялдар, кары-картаңдар жана балдар. Эртең менен айылдыктар өз үйлөрүнө кайра кайтып бара башташкан. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жергиликтүү мектептин имаратына түнү 128 адам, эртең менен болсо мектепте 90 жаран калган.

Жаракат алгандар боюнча, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяда бир аскер кызматкери каза болду, 13 киши жаракат алды – алардын ичинен жетөө аскер кызматкери, алтоо жөнөкөй жаран. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, алардын жаракаттары ар кандай деңгээлде.

Баткен облусунан Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна аскердик авиациянын жардамы менен 10 бейтап алынып келинди.

Количество просмотров: 29