• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Чек ара чыры: Ташиев Баткенге барды

28 Үчтүн айы 2022 9:59 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусуна барды.

Ал журналисттерге кыскача маалымат берип, чырдын келип чыгуу себептерин тактоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып, бүгүн ыкчам кеңешме өткөрүлө турганын айтты.

Жана ошондой эле ал чек арадагы окуядан 11 аскер кызматкери жаракат алганын жай тургундардын арасында жабыркагандар жок экенин билдирген.

Чек ара кызматынан билдиришкендей Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Маалым болгондой, чек арадагы Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында абал туруктуу деп бааланууда.

Количество просмотров: 168