• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чек ара чыры: Жабыркаган 8 жаранга операция жасалды

19 Аяк оона 2019 16:06 Бишкек Govori.TV

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркаган сегиз кишиге операция жасалды. Алардын денесине кирип кеткен заттар алынганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин беш кишиге пландык операция жасалары айтылган, бирок текшерүүдөн кийин алардын саны көбөйгөн. Министрлик операция ийгиликтүү өткөнүн, жаракат алгандардын абалы туруктуу экенин билдирди.

16-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара участогундагы атышуунун кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Жаракат алгандардын ичинен 10 адам атышуу болгондун эртеси Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына толугураак дарыланууга жеткирилген.

Количество просмотров: 34