• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек ара чырында 4 жаран жаракат алды. Ок тийген адамдын абалы оор

29 Чын куран 2021 10:43 Бишкек Govori.TV

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ок тийген жаран оор абалда Лейлек районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жатат. Экинчи жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалган, үчүнчүсүнүн сол колу сынган. Булар учурда Самаркандектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланууда. Ал эми төртүнчү киши медициналык көзөмөлдөн кийин үйүнө чыккан.

«Учурда жаңжал чыккан жерде Тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат. Эгер жогорку квалификациялуу медициналык жардамга муктаждык жаралса, Ош шаарынан адистер жөнөтүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 156