Бишкек. 23.07.2019. Govori.TV
Кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги жаңжалдан кийин Тажикистандын атайы кызматы Ак-Сай айылынын жашоочуларын провокация жасашты деп айтып чыгышты. Кыргызстандын жана Тажикистандын президенттеринин Исфарадагы жолугушуусун болтурбоо үчүн атайы жасалган чек ара чагымчылардын иши деп баалаган Тажик кызматынын билдирүүсүнө , эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
“Мен бул ойдон алысмын. Бул чагымчылдык болгон жок. Ыкчам-иликтөө иштеринде баары аныкталат. Албетте тиги тарапта, биз тарапта да каны суюк жигиттер бар. Бир нерсе болсо эле дароо таш ыргытышып, таякташып, курал да кармай калышат. Бирок буга да себеп бар. Анткени талаш маселе жараткан участкалар бар. Өлкө башчыларынын чек аранын делимитация, деморкация суроолорун чечмейин бул суроого жооп табуу мүмкүн эмес. Чагымчылдык менен чыр-чатак болгону болгон”- дейт эксперт.
Айта кетсек 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги кагылышуу орун алган. Тажик айылынын жашоочулары Ворух деген жазуусу бар жерге флагштогду орноткусу келишкен. Бул нерсе кыргыз айылынын жашоочуларын кыжырын келитирип, таш ыргытышуу башталган. Кийинчерээк ал окуя ок чыгаруулар менен коштолгон.