• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Чек ара кызматы: Кыргыз-Тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат

16 Аяк оона 201922:29 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, бир чек арачы каза тапты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ок атуу Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде катталып, натыйжада кыргыз мамлекетинин чек арачысы каза болгон.

«Куралды тажик тарап биринчи колдонду. Ок атуу саат 21:30да токтотулуп, азыркы тапта Кыргыз-Тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14-сентябрда тажик тарап Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк участогуна, тактала элек аймакта курулуш иштерин баштаган. Ошол эле учурда Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин куруп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 24