• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Чек ара кызматы: Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы чыр токтой элек. Жаракат алгандар бар

13 Жалган куран 201922:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.03.2019.Govori.TV.

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда кайрадан чыр чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин чогулуп тарап кеткен эки өлкөнүн тургундары саат 20:10до кайрадан чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

«Бир жаран алган жаракатынан улам Самарканд айылындагы ооруканага жеткирилди. Кечки саат 8ден бери Орто-Боз айылынын жанында Төрт-Көчө деген жеринде эки тарап бири-бирине таш ыргытып уруп жатышат. Натыйжада Орто-Боз айылындагы бир тургундун үйү күйүп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин айыл тургундары тажик тараптын Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун салынышына каршы чыгышканына байланыштуу эки элдин жарандары чогулганын билдирген.

Видео Салам Медиа


Количество просмотров: 20