• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чек ара: Натыйжасыз өткөн бир нече сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик кайрадан протокол түздү

7 Кулжа 2021 19:31 Бишкек Govori.TV

Бир нече жолу натыйжасыз өткөн сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу аймагында жолуккан эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары бир чечимбе келип, келишимге кол коюшту.
Эки өлкөнүн УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 5-июнда кол койгон протокол өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу 4-июнда башталган. Мындан улам кыргыз тарап Чоң-Алайдагы бир нече айылдардын элин ичкериге карай эвакуациялаган. Ташиевдин айтымында эвакуацияланган эл кайрадан келишимге ылайык үйлөрүнө кайтат .
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы — 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу аймактардын 13,6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туура келет.
Айрым эксперттердин айтымында Чоң-Алайдагы болгон окуя аткезчилик менен байланышы болушу мүмкүн. Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун айтымында Чоң-Алай аркылуу Кытайдан келген жүктөр Тажикстанга, Кыргызстанга жана Өзбекстанга тарайт.
Ал эми Улуттук Коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында эки өлкө тең чек арананы тактоо маселесин тездетүүсү керек. Ал кошумчалагандай делимитация, демаркация иштери созулса мындай чырлар улам кайталана берет.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырган.
Эске салсак, апрель айынын аягында Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында куралдуу кагылышуу орун алган. Анда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алса, жүздөгөй турак жайлар күйгөн. Ал эми Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.

Количество просмотров: 267