• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чек ара жаңжалында кыйраган канча үй курулуп бүттү?

29 Теке 2021 12:21 Бишкек Govori.TV

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараксыз абалга келген 140 үйдүн 60ы бүткөрүлүп, 15ине үй ээлери киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков чек ара чырында үйлөрү талкаланган жарандарга тамдары 2 айда бүткөрүлөрү убадаланганын эске салып, үйлөрдү бүткөрүү кечигип жатканын сынга алды.

Министрдин орун басары Иманалиев жеңил конструкция менен салынчу Түркиядан келген үйлөр жана аны салган инженерлердин кечигүүсүнөн убакыт созулуп кеткенин айтты.

«Бүгүнкү күнү 140 үйдүн 60ы бүткөрүлүп, 15 үйгө жарандар киргизилди», — деди ал.

Количество просмотров: 246