• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арачы белгисиз заттын жарылуусунан жаракат алды

26 Бирдин айы 202316:03 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери белгисиз заттын жарылуусунан жаракат алды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 25-февралда №2021 аскердик бөлүктөгү унааларды техникалык кароодон өткөрүү пунктунда мештен өрт чыгып, белгисиз заттын жарылуусу болуп, анын кесепетинен 2003-жылы туулган аскер М.А. жараат алган.

Аскер кызматкери Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Жоокердин абалы орто деп бааланууда.

Бул факты боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталды.

Количество просмотров: 72