Ирандын чыгышындагы Түштүк Хорасан провинциясынын Табас шаарындагы көмүр шахтасында газ жарылуусунан каза болгондордун саны 51ге жеткенин Mehr агенттиги билдирди.
Буга чейин 30 адам каза болгону маалым болгон. Дагы 20 киши жараат алды. 40 адамдан турган топ куткаруу иштерин алып барып, урандыларды тазалоо да жүрүүдө.
Жарылуу 21-сентябрдын кечинде болгон. Маданжо шахтасынын эки блогунда газ жарылды. Түштүк Хорасандын губернатору бул аймак өлкөнүн көмүргө болгон муктаждыгынын 76% камсыздаганын билдирди.
Жарылуу учурунда шахтада 69 жумушчу болгон. Учурда В блогунда куткаруу операциясы аяктап, анда 17 жабырлануучу жана каза болгон 30 адамдын сөөгү табылган.