• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чек арачылар башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты

27 Теке 201915:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.07.2019. Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасында башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 27 жаштагы жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 26-июлда, «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайынан кыргызстандыктын И. уулу П. аттуу 27 жаштагы жаран деген паспорту текшерилгенде, сүрөтү окшошпой калган.

Маалыматта бул окуядан кийин тиешелүү кагаздар толтурулуп, Казакстанга чыгып бара жаткан киши УКМКнын аймактык бөлүмүнө тапшырылганы айтылды. Тактай келгенде ал 27 жаштагы А. уулу Р. аттуу башка жаран болуп чыккан.

Количество просмотров: 14