• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чек арада каза болгон 24 жаштагы Данияр Казакбаевдин сөөгү бүгүн жерге берилди

20 Аяк оона 202211:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрда Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Казакбаев Данияр Алтынбековичтин сөөгү жерге берилди.

Токмок шаарынын тургуну Казакбаев Данияр Алтынбекович 1998-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын чек ара аскерлеринин прапорщиги, Баткен облусунда Тажикстандын Кыргызстандын аймагына басып киргенде мекенин коргоодо баатырларча курман болгон.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү болчу. Ал контракттык негизде чек ара кызматында кызмат өтөп келген.

Количество просмотров: 1210