• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чек арада каза болгондордун тизмеси жарыяланды

30 Чын куран 2021 18:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан 13 адам көз жумуп, 134 адам жаракат алды. Кагылышууда жаракат алгандардын тизмесин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы жарыялады. Алардын ичинен 10у жөнөкөй тургун болсо, калган 3ү киши аскер кызматкерлери.

Жөнөкөй тургундар:

Каратаев Сагын Калбаевич, Көк-Таш айылынын 1977-жылы 26-июлда туулган тургуну;

Тагаев Сүйүн Ураимович, Баткен шаарынын 1969-жылы 14-мартта туулган тургуну;

Каработоев Алтынбек Жалилович, Кадамжай шаарынын 1982-жылы 18-майда туулган тургуну;

Адбрахманов Баяман Гапарович, Баткен шаарынын 1998-жылы туулган тургуну;

Үсөн уулу Рашид, Баткен шаарынын 1973-жылы туулган тургуну;

Ганиев Жамшит Кайимович, 1990-жылы туулган;

Рахматжанова Мадина, 2009-жылы туулган;

Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч, 1985-жылы туулган.

Абдугапар уулу Мырза, 1991-жылы туулган

Чыңгызбек Темиров, 1994-жылы туулган

Аскер кызматкерлери:

Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган — 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан;

Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган — 2021 аскер бөлүгү.

Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович, 1991-жылы туулган, 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири, капитан.

Количество просмотров: 1483