• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чек арада мыйзамсыз акча чогултууну уюштурган шектүүлөр кармалды

10 Тогуздун айы 2023 11:35 Бишкек Govori.TV

Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Экономикалык контрабанда» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында Кыргызстандын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды.

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары М.О.Р. жана С.У.Т. (уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 137