• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чек арадагы чыккан чырга кылмыш иши козголду

23 Теке 201915:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатак боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Баткен облусундагы чек арага  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевдер барып, кырдаал менен танышууда.

Эске салсак, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылып, 16 жаран түрдүү жаракат алган. Ал эми чек арадагы 315 киши коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Количество просмотров: 13