Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү учурда Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн, облустук администрация жетекчилеринин, райондук акимдердин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү кайрадан улангандыгын маалымдайт. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эки тарап тең эки мамлекеттин чек арага канатташ аймактардын жергиликтүү тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Баткен облустук ооруканасында азыркы тапта КР ИИМ Ички аскерлеринин аскер кызматкерине операция жасалууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, дагы бир Кыргызстандын жараны – Самаркандык айылынын Айылдык кеңешинин депутаты октон жаракат алган.
Андан тышкары, дагы 4 адам — үчөө КР ИИМ Ички аскерлеринин аскер кызматкерлреи жана бир Кыргызстандын жараны ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлдү.
Жапысынан 6 адам жараат алган, 4 аскер адамы жана экөөсү тургундар.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу максатында КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев жана КР Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Суйунбек Омурзаков Баткен облусуна учуп кетишти.