• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Чек арадагы кырдаал. Баткенде да митинг өттү

15 Үчтүн айы 202014:23 Бишкек Govori.TV

Баткендиктер бийликтен Көк-Таш айлынын кармалган тургундарын бошотуу талабы менен митингге чыгышты.

Баткенде өткөн митингдин катышуучулары чек арадагы кырдаалга кабатырлыгын билдиришти.

«Митингде Нурбек Сапарбаев, Усен Сапарбаев, Зайнидин Бердиев жана Улукбек Сапарбаевдерди бошотуу талабы коюлган. Нааразычылык акциясына чыккандар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун маалыматын угууну талап кылышкан, бирок Мадумаров чыккан эмес. Ордуна орун басары Кеңеш Салиховду жиберген, ал элдин нааразычылыгын жетекчиликке жеткирээрин билдирди», — деди жергиликтүү тургун.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте да чек арадагы кырдаал боюнча митинг өтүп, бийликке бир нече талаптар коюлду.

Количество просмотров: 63