• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чек арадагы ок атышууда жарадар болгон кыргыз аскеринин абалы айтылды

12 Чын куран 2022 23:32 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон кыргыз аскеринин абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарадар болгон аскер кызматкери Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, операцияга даярдалууда.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.

Количество просмотров: 1911