• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чек арадан 315 киши коопсуз аймакка көчүрүлдү

23 Теке 201912:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 315 киши Баткен шаарына көчүрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы «Кызыл жарым ай» коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги бөлүмүнө таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 55 киши үй-бүлөлөргө, 260га жакыны убактылуу уюштулган лагерлерге жайгаштырылган. Ал эми  коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн көбү аялдар жана балдар экени айтылды.

Эске салсак, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атуудан  16 кыргызстандык жабыркап, ооруканага түшкөн.

Количество просмотров: 12