• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арадан 65 жылкыны айдап өтүп берем деп… Алдамчылыкка шектелген адам кармалды

21 Үчтүн айы 202615:09 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1971-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран милицияга кайрылып, «М» аттуу белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Ал Казакстандан Кыргызстанга жалпы баасы 7 млн сомду түзгөн 65 баш жылкыны айдап өтүп берем деп 2 млн теңге акча каражатын, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мал-мүлктү ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Натыйжада арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө — жалпы 7 330 400 сом суммада материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалган.

Учурда кылмыш иши боюнча болгон бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 211