• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган пакистандыктар кармалды

21 Бугу 202416:31 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-майда саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасынын жоопкерчилик аймагынан, Казакстан Республикасы тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда, Пакистан Ислам Республикасынын 6 жараны кармалды.

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча КР УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган чет өлкөлүк жарандар КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 148