• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кытай жараны кармалды

30 Кулжа 202312:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай жараны “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда жасалма паспорт колдонуп Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракет кылган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу 29-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен жогоруда аталган кытай жараны 2023-жылдын 27-августуна чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кытай жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 111