• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды

11 Жалган куран 2023 11:20 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет мамлекеттин 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Россия Федерациясынын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган.
Кармалган М.И.М. жасалма паспорт алып, андан кийин САРдын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан КР аймагындагы М.И.М.нын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 778