• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн казак жараны кармалды

17 Бугу 202311:20 Бишкек Govori.TV

Кылмыштуу топтун мүчөсү, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн казак жараны кармалды.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган С.А.А. аттуу Казакстандын жараны УКМК тарабынан издөөдө жүргөн.

Ошондой эле ал Казакстандын Алматы облусунун аймагында тоноочулук фактысын жасагандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында С.А.А. 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

Азыркы учурда С.А.А. Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди

Количество просмотров: 53