• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандар Бишкекке алынып келинди

17 Аяк оона 2019 15:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандарды Бишкек шаарындагы ооруканага атайын каттам аркылуу аскердик учак менен алып келишти.

Кечээ, 16-сентябрда ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, 13 жаран жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук аймактык ооруканасына 13 жабырлануучу жаткырылган:

  1. Ж.Б., 1978-жылы туулган. Абалы туруктуу
  2. Болжол менен 12 жаштагы О. , абалы орточо оордукта. Шок абалда болгондуктан фамилиясын айта албай жатат.
  3. Р. К., 1976-жылы туулган. Абалы орточо оордукта.
  4. У. Р., 1973-жылы туулган. Абалы орточо оордукта.
  5. Э. Р., 1973-жылы туулган. Абалы орточо оордукта.
  6. А. З., 1978-жылы туулган. Абалы орточо оордукта.
  7. Т. у. Г., 1998-жылы туулган, аскер кызматкери. Абалы орточо оордукта.
  8. М. О., 1997-жылы туулган, аскер кызматкери. Абалы орточо оордукта.
  9. С. Ж., 1980-жылы туулган, аскер кызматкери. Абалы орточо оордукта.
  10. Т. М., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Абалы орточо оордукта.
  11. К. К., 1992-жылы туулган, аскер кызматкери. Абалы өтө оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат.
  12. А. У., 1995-жылы туулган, аскер кызматкери. Абалы өтө оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат.
  13. Т.у Э., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Абалы оор.
Количество просмотров: 122