• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чемпиондукту багындырып келген волейболчуларды бийлик колдогон жок

30 Баш оона 201911:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

Журналисттер Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековго Кайрылуу жасашты.

Кайрылуунун тексти толугу менен:

Урматтуу Сооронбай Шарипович, 31-август Эгемендүүлүк күнүнүн алдында жайкы Азия оюндарында волейбол боюнча алдыңкы орунду багындырган азаматтарыбыздын ийгилиги жалпы кыргыз элин кубандырды. Команданын башкы тренери Андрей Анкудинов менен мыкты оюнчу Оңолбек Каныбек уулунун мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушун жалпы элибиз колдоду. Биз дагы аталган спортчулардын мында ары дагы ийгиликтерге жетишине тилектешпиз.
Бирок, кылымдарды карыткан кыргыз элибизде «сөздү сөз келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт» деген накыл кеп бар. Элдин кубанычын жарты кылган эки жагдайды айта кетпесек болбойт. Мамлекетти дүйнө жүзүнө эң ириде маданият менен спорт таанытат эмеспи. Биринчиси, Азияны багындырган азаматтарды мамлекеттик деңгээлде тозуп алуу биздин милдетибиз экендигине карабай спортчуларыбызды мамлекеттик деңгээлде татыктуу тозо алган жокпуз. Экинчи жагдай, 10 жылдан бери катардан калган волейбол тармагын жан үрөп эмгектенип, алдыга сүрөгөн, күн тынымын, түн уйкусун бөлүп, спорттун бул түрүн саясатташтырбай, дүйнөлүк алкакка алып чыккан, Азия оюндарында волейболчулардын жеңишке жетишине зор салым кошкон Эльмурза Сатыбалдиевдин эмгеги бааланып белгиленбей калды. Белгилүү саясатчы, мурдагы Баш прокурор Эльмурза Сатыбалдиевдин волейболдун жанданышына, бүгүнкү Азия оюндарында ийгиликке жетишине эмгеги ат көтөргүс. Эгер бул акыйкатсыздыкты азыр оңдобосок, кыргыз спортуна жан үрөгөн, колдогон мекенчил меценаттарды кайдыгерликке түртүп коебуз. Эмгек мамлекет алдында бааланышы керек деп эсептейбиз.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, маданият жана спорт улуттун — жүзү. Эльмурза Сатыбалдиевдей инсандар маданият менен спорттун-таянычы. Ошондуктан биздин эл алдындагы өтүнүчтү эске алып, Эльмурза Сатыбалдиевдин эмгеги сөзсүз түрдө бааланат деген ойдобуз.
Кайрылууга кол койгондор:

  • Бекен Назаралиев “Жаңы –Ордо” гезитинин башкы редактору
  • Асланбек Сартбаев “ Азия ньюз” гезитинин башкы редактору
  • Нургазы Анаркулов “ Майдан kg” гезитинин башкы редактору
  • Канышай Мамыркулова МКА-Тv каналынын жетекчиси
  • Жазгул Карбосова “ Элита плюс” журналынын редактору
  • Кубаныч Жолдошев “Азаттык “ үналгысынын журналисти
  • Эмил Момунов “Фарс ньюс” маалымат агентигинин редактору
  • Гулжан Шерипбаева “NazarNews.kg” сайтынын жетекчиси
  • Күнболот Момоконов “ Ачык саясат” гезитинин башкы редактору
  • Кайыргуль Урумканова “ Говори-ТV” каналынын жетекчиси
  • Сабыр Мукамбетов саясый баяндамачы
  • Ильич Кулназаров журналист
  • Турсунбек Бейшенбеков “ Чындык” сайтынын жетекчиси
  • Султан Аманбеков “ Ракурс” сайтынын жетекчиси
    16.Чынайым Кутманалиева журналист
  • Алтынай Ормотаева “ Мезгил ньюс” сайтынын жетекчиси
  • Каныбек Темиров “ НУР” телеканалынын жетекчиси
  • Сурат Жылкычиев спорт баяндамачысы
  • Бактыгул Момбекова журналист
  • Элнура Кулуева “Арена kg” гезитинин редактору
  • Шайыр Абдырахманов КТРКнын башкы директорунун орун басары
  • Гульмира Үмөталиева журналист
  • Сымбат Максутова журналист
  • Сайрагул Дуулатова журналист
  • Зулпукаар Сапанов “Де факто” гезитинин журналисти
  • Болот Абдыжапаров журналист
  • Дилбар Алимова “Полит клиника” гезитинин башкы редактору
  • Асранкул Жээнкулов “Журналист” кайрымдуулук фондунун төрагасы, журналист
  • Акбалык Жумалиева блогер
  • Базарбай Гапаров “Будь Здоров” гезитинин башкы редактору
  • Шамил Жалилов журналист
  • Жалил Сапаров, «Контент-медиа» коомдук фондунун директору.
  • Тынчтык Алтымышев “Informator.kg” сайтынын башкы редактору
  • Наралы Асанбаев журналист

Эске салсак, 19-24-август аралыгында Непалдын борбору Катманду шаарында өткөн мелдеште Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын жеңүүчүсү болгон. Финалдык беттеште курама команда Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңген.

Оюнчуларды «Манас» аба маймайданынан күйөрмандары тосуп алышкан эле.

Ал эми бийлик тарбынан эч кандай көңүл бурулбай калганы коомчулуктун нааразылыгын жаратууда.

Количество просмотров: 32